УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутатын кармады

Автор

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С.И. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыккандыгы аныкталган.
«Бүгүнкү күндө жогорудагы кыймылсыз мүлктүн наркы 626 миллион сомду түзөт. Азыркы учурда белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы аныкталууда жана мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеш Дин боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, 12-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Аталган мыйзам долбоорлору тууралуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов маалымат берди. […]

Сизге жагышы мүмкүн