УКМК: Жеке медициналык мекемелер томографиянын баасын төмөндөттү

Автор

Жеке адистештирилген медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан карапайым калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кароо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен, баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү маселелери боюнча ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын алкагында калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык позицияларына бааларды 20%га чейин төмөндөтүү боюнча бир катар ири компаниялар менен макулдашууга жетишилди. Алар:
«Юнит-Реактив Фарма»,
«Медипол»,
«Томэкс»,
«Шаншуй Силк Роуд Кейджи»,
«Альфа МЕД-ЛТД»,
«Берди»,
«Медипарк»,
«Гульмед»,
«Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет»,
«Юрфа»,
«Авиценна»,
«Меди»,
«Веданта».
Ал эми «Кортекс Неврологиялык борбору» 30% чейин төмөндөтүүгө макулдашты.
КР УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Лидерлер Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктап жатышат

Кытай бийлиги Владимир Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзян билдирди. Ал Кытай менен Россия Федерациясынын ортосундагы мамилелер мындан ары да өнүгө берерине ишенимин айтты. Боливиянын, Гондурастын президенттери жана Мьянманын премьер-министри, Никарагуа, Тажикстан жана Өзбекстан, ошондой эле Түндүк Кореянын лидерлери Путинди жеңиши […]

Сизге жагышы мүмкүн