УКМК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча үн катты

Автор

Өлкөдө массалык нааразылык акцияларын уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзүүгө шектелген «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Массалык баш аламандыкка чакыруу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда  УКМК тарабынан «Бүтүн Кыргызста» саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

 

Тинтүү учурунда партиялык материалдардан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынган.

 

УКМКнын маалыматында мындан тышкары, алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынгандыгы айтылат.

 

Кармалган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: «Ансыз деле төңкөрүш керек». «Революция болсо токтойт баардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү түшүнбөйт. Муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот «по любому». Бараарда революцияга башынарды кылычка сайып барыныздар»; «Барыныздар Кастет, дубинка, Сухой пайок алып алыныздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды көрсөн эле башка чап дароо ойлонбой»; «Дубинка, Коктейл молотовго алып алгыла, керек болот. Баарын оптом орттоп салгылачы кулун асманга сапырып. Болду артка жол жок согушса согушабыз акмактар адырандаган сарт менен уйгур зектер».

 

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренесинин негизинде УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Кармалган эки жарандын аракеттери «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган.

 

Тактап айтканда, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда «тайпаларды» түзүү аркылуу тыкыс байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан.

 

Учурда УКМК тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров 9-11-июль күндөрү Монголияга барат

Президент Садыр Жапаров 9-11-июлда өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянынпрезиденти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун Эрдэнэ, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн