УКМК: Бишкекте 300 миллион сомдук маңзат алынды

Автор

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкекте чет өлкөлүк жаран 67 килограммдан ашык метамфетамин баңгизаты менен кармалганын билдирди.
УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен “Пакистан – Ооганстан – Өзбекстан – Кыргызстан” маршруту боюнча метамфетамин баңги каражатын өзгөчө көп өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун ишине бөгөт коюлганын кабарлады.
2024-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин жараны С.У., кармалып, баңги заты – жалпы салмагы 67 килограмм 615 граммды түзгөн 300 миллион сомдук метамфетамин табылган.
Чет өлкөлүк жаран жогоруда аталган жол менен Казакстан аркылуу Гонконгго келген метамфетаминди ташууну уюштурганы аныкталган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген чет элдик жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Польша Россия менен чек арага чептерди кура баштады

Польша Россия менен чектешкен аймагында коргонууну бекемдөөгө киришти. Бул «Чыгыш калкан» программасынын алкагында жүргүзүлүүдө деп билдирди өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск. Иштер 2028-жылга чейин уланмакчы. Долбоордун баасы 10 миллиард злотыйга (2,5 миллиард доллар) бааланууда. Чек ара аймагындагы иштердин алкагында 800 чакырым узундукта ор казылып, миналар орнотулат жана танкага каршы тосмолор коюлат. […]

Сизге жагышы мүмкүн