УКМК бажы кызматкерин кармады

Автор

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери опузалап акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган.

Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиядагы мушташта кыргызстандык 5 жаран жаракат алган

Россиянын укук коргоо органдары Иркутск облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын 500гө жакын жаранынын ортосундагы массалык мушташты иликтеп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Белгилей кетсек, жаңжал 2023-жылы 23-июнда Жигаловск районундагы газ кенинде чыккан.   Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутсктагы өкүлчулүү жабыркагандар менен ыкчам байланышканда Кыргызстандын 5 жараны ар кандай […]

Сизге жагышы мүмкүн