“Түндүктөн Ош жана Баткен тарапка фит минип кызматка баргандар 4-5 айдын ичинде эле джип минип жатышат. Ушуларга да көңүл буруп койсок”,- деди Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында. Депутаттын айтканына УКМК төрагасы жооп берип, “сөз менен айта бергенди токтотуш керек. Эгер кайсы бир кызматкер боюнча далилдериңиз бар болсо, бериңиз. Биз анын кирешесин бүт текшерип чыгабыз. Анан, жөн эле сүйлөп койгонду токтотушубуз”,- керек деп какты.