УКМКнын кыз-келиндер арасындагы спорттук мелдеши жыйынтыкталды

Автор

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн УКМКнын кыз-келиндер арасындагы спорттук мелдеши жыйынтыкталды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, турнирде баскетбол жана 1000 метрге эстафеталык жарыш боюнча мелдештер өттү. Ага УКМКнын Борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмдөрүнүн, 9-кызматынын жана “Бөрү” Чек ара кызматынын тайпалары катышты.
Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен тапшырылды.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мелдештин жабылуу аземинде жеңүүчүлөрдү куттуктап, дене тарбия жана спорт ден соолукту чыңдоонун маанилүү факторлорунун бири экенин белгиледи. Ошондой эле кызматкерлерди мындан ары да спорт менен активдүү алектенүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу мекендештер! Бүгүн – 3-декабрь дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялуу катмардын көйгөйлөрүнө бура турган маанилүү күн. Кыргызстанда мындай өзгөчө камкордукка муктаж жарандарды коомдук жашоого толук аралаштыруу жана алардын турмуш шарттарын […]

Сизге жагышы мүмкүн