УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараты ачылды

Автор

Бүгүн, 28-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратары ачылды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, атайын кызматтын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.
УКМКнын жаңы имараты Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрү үчүн курулуп, анда аскер кызматкерлеринин жемиштүү иштеши үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн жана керектүү жабдуулар орнотулган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлерин куттуктап, өлкө жетекчилиги тарабынан мындан ары дагы материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракети көрүлөрүн белгиледи.
Аны менен катар улуттук коопсуздук органдары мындан ары да өлкө кызыкчылыгы үчүн жан дили менен жана мекенди сүйүү менен кызмат кылып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын кошумчалады.
Ошондой эле УКМК жетекчилиги тарабынан коопсуздук кызматкерлерине, мекенге кызмат кылууда өз ишине так болуп, коопсуздукту камсыз кылууда болгон күч аракетин жумшоо талабы коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

Шойгу Россиянын "өзөктүк кол чатыры" кимдерди коргой турганын айтты

Россиянын жаңыланган өзөктүк доктринасына ылайык, “өзөктүк кол чатыры” биринчи кезекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөргө жайылтылат. Мындай пикирин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу билдирди. Ал документте Беларуссияга карата агрессия болгон учурда өзөктүк куралды колдонуу критерийлери да жазылганын кошумчалады. «Биринчи кезекте, эски доктринада да бул чатыр биздин союздаштарга […]

Сизге жагышы мүмкүн