УКМКнын билдирүүсүн Конституциялык Сот четке какты

Автор

Конституциялык Соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев баш болгон бир катар кызматкерлерге кылмыш иши козголду.
УКМК маалымдагандай, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, судьяларга келген чет өлкөгө чыгуу иш сапарларын өздөрү пайдаланып жүрүшкөн. Бирок, Эмил Өскөнбаев өзүнө коюлган айыпты четке кагып, мындан мурда жубайы менен бир, эки жолу чет өлкөгө чыгып келишкенин, чыгымды өзү төлөгөнүн билдирген. Ал эми Конституциялык Сот козголгон кылмыш иш боюнча билдирүү таратып, УКМКнын айыптоосун четке какты.

Бөлүшүү:
Next Post

Губернатор туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди

Ош облусунун губернатору Элчибек Жантаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, туунун өзгөрүшүнө каршы экендигин билдирген. “Мен туубуз өзгөрбөй эле мурдагыдай калса деп ойлойм. Бирок, президент, Жогорку Кеңеш бар. Экинчи, үчүнчү окуудан өтөт. Анан, президенттин чечими бар дегендей. Азырынча күтүп турган жакшы го”,- деген. Тууну өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңеш демилгелеп, бирок, […]

Сизге жагышы мүмкүн