Уйку үстүртөдөн болуп, уйку канбайт. Уйку качуунун себептери түрдүүчө болот. Ал айрым жүрөк-кан тамыр, дем алуу жолдорунун жана психикалык ооруларда, невроздо, мээнин травмасында жана башкалар пайда болот. Кээде дени соо киши да өтө чарчаганда, толкунданганда, өз убагында жатпаганда (түнкү иш, кечки окуу), түнөй турган жер өзгөргөндө, кандайдыр бир оорунун башталышында уйку бузулат.
Уктар алдында 8—10 мүнөт жылуу ванна алуу да уйкуну жакшыртат. Эгерде андан да уйку калыбына келбесе врачка кайрылуу керек. Врач уйку качуунун себеби болгон негизги ооруну таап дарылайт. Уйку келтирүүчү дарыны врачтын көрсөтүүсү менен гана пайдалануу керек. Өз алдынча дары каражаттарын колдонуу түрдүү кабылдоого ага көнүп кетүүгө алып келет.