“Манчестер Сити” клубунун оюнчусу Эрлинг Холанд Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) тарабынан жылдын мыкты оюнчусу деп табылды.
Сыйлыкка бельгиялык Кевин Де Брюйне менен өткөн сезондо франциялык ПСЖда ойногон Лионель Месси да талапкер болгон.
Эрлинг Холанд өткөн сезондо англиялык “Манчестер Ситинин” мыкты оюнчусу деп табылган. Ал 52 матчка катышып, бардык мелдештерде 52 гол киргизип, тогуз пас берген. Белгилей кетсек, норвегиялык үчүн бул анын Англия Премьер-Лигасындагы (ЭПЛ) дебюттук сезону болгон.