УЕФА Европа лигасынын 1/2 финалынын экинчи оюнунда германиялык «Байер Леверкузен» менен италиялык «Рома» беттешти.
Командалардын ортосундагы биринчи жолугушуу 0:2 эсебинде Леверкузен шаарынын (Германия) командасынын жеңиши менен аяктаган.
Жооптуу беттеш 2:2 эсеби менен аяктады. Байер 88-мүнөттө Манчининин автоголунун жана Йосип Станисичтин (90+7) голунун аркасында жеңилүүдөн кутула алды. Ошентип, эки жолугушуунун жыйынтыгы менен «Байер» Европа Лигасынын финалына чыкты.
“Аталанта” өз үйүндө “Марсельди” жеңди. Бергамонун италиялык клубу 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Биринчи оюн 1:1 эсеби менен аяктаган.
Ошентип, “Аталанта” менен “ Байер” Европа Лигасынын 2023/2024 сезонунун финалында ойнойт. Финалдык беттеш 22-майда Ирландиянын Дублин шаарында өтөт.