Удмурт өлкөсүнө бекер саякаттоо

Автор

Туризм тармагындагы жаш блоггерлер менен ишкерлерге Орусиянын Удмурт Республикасына акысыз саякаттоо сунушталууда. 21-28-июнга белгиленген блог турга 25 жаштан 35 жашка чейинки кыргызстандыктар катыша алышат. Уюштуруучулардын бир гана талабы, саякаттоого катышкандар Удмурт өлкөсү боюнча материалдарды соц баракчаларында кеңири чагылдырып турушу керек. Саякаттын баштан аягына чейинки чыгымын уюштуруучулар каржылайт. Бул тууралуу кенен маалыматты 20-майга чейин “Русский дом в Бишкеке” телеграмм каналынан алсаңыз болот.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага келди

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, аны менен согуш талаасындагы кырдаалды талкуулайт. Мындан тышкары, премьер-министр Денис Шмыгаль жана тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушуулар пландаштырылган. Мамлекеттик катчы алар жана президент менен “согуштук операциялар боюнча жаңылануу, АКШнын жаңы коопсуздук жана экономикалык жардамынын таасири”, ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн