Төө-Ашуу менен Өтмөктө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Автор

Бүгүн, 14-ноябрда Төө-Ашуу менен Өтмөктө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөшүүдө.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында да каттам бар. Жолду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагы бир партиясынын өкүлү добуш сатып алууга айыпталууда

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1- бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, Бишкекте «Адилет» партиясынын штабы тинтилип, «шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. «Тергөөнүн жүрүшүндө И.Н., аттуу жаран «Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер А.И., […]

Сизге жагышы мүмкүн