Төө-Ашуу аймагына байкоочу аянтча курулат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Төө-Ашуу ашуусундагы К. Көлбаев атындагы туннелдин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Таанышуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде бул ашуудан өткөн айдоочулар жана туристтер үчүн тийиштүү шарттарды жана эс алуу жайларын түзүү.

Мындан тышкары, анын туристтик потенциалын жакшыртуу максатында министрлер кабинетинин төрагасы ашуунун аймагында туристтер жана республиканын тургундары үчүн байкоочу аянтчасын курууну тапшырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан 106 түр товарды экспорттоого тыюу салды

Россияга товардын 106 түрүн берүүнү токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаев билдирди. Анын айтымында чектөөлөр аскердик максаттарга арналган буюмдарга тиешелүү. Тыюу казакстандык өндүрүшчүлөргө да, чет элдик өндүрүшчүлөргө да тиешелүү. Тыюу дрондор жана алардын тетиктери, атайын электроника, чиптер жана ушуга окшош буюмдар сыяктуу товарларды камтыйт […]

Сизге жагышы мүмкүн