Бишкек-Ош унаажолунун Төө-Ашуу ашуусуна чыгып бараткандагы “Сосновка” постунда жүк ташыган транспорттордун каттамына киргизилген убактылуу чектөө кайра алынды. Бул тууралуу 1-ноябрда Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, чектөө 31-октябрда аба ырайынын кескин начарлашынан улам коюлган. Маалыматка караганда, кар жаап, аталган автоунаа жолунун 124-136-чакырым аралыктарында жүрүү татаал болуп калган. Анда тазалоо, кум себүү иштери жүргүзүлдү.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырат.