Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Автор

Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка постуна жана Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу  «Кыргызавтожол»мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

«Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Араб лигасынын кеңешинин кезексиз саммити өтөт

11-ноябрда Сауд Аравиянын борборунда Араб мамлекеттери лигасынын кеңешинин жогорку деңгээлдеги кезексиз жыйыны өтөт. Эр-Рияддагы жолугушууда 7-октябрдан бери курчуп кеткен Палестина-Израиль чатагы талкууланары белгиленген. Араб мамлекеттери лигасынын Башкы катчылыгы Палестинадан да, Сауд Арабия Королдугунан да иш-чараны өткөрүү боюнча суроо-талаптар түшкөнүн ырастады.  Саммитке Сауд Арабия төрагалык кылат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн