Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Автор

Бүгүн, 15-ноябрда эртең менен саат 08:30да Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүүдө.
Министрлик айдоочуларды ашууларга сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керектигин жана унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону зарылдыгын эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү шайлоо. «Социал — демократ» партиясынын каттоосу жокко чыгарылды

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары болууга ат салышып жаткан «Социал — демократ» партиясын жарыштан четтетүү чечимин кабыл алды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократ» партиясынын маселесин карады. Партияны шайлоодон четтетүү сунушуна комиссиянын сегиз мүчөсү тең макул болушту. Аталган партия боюнча мындай чечим кабыл алууга добуш сатып алуу боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн