Төө-Ашууда кар. «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө кирди

Автор

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постунда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Башкармалык № 9 ДЭБдин кызматкерлери кышкы дөңгөлөктөрү жок жүк ташуучу унааларды ашууга киргизбей жаткандыгын белгилейт. Транспорт министрлиги дагы бир жолу салмак жана габариттик нормаларды сактоого чакырат.
Азыр Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында кар жаап жатат. Айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрү бар унааларды гана айдап, кардын чынжырларын тагынуу сунушталат.
«Сосновка, Чычкан жана Арал транспорттук көзөмөл постторунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө. Кышкы шарттарга ылайыктуу даярдыгы жок унаалардын айдоочулары ашууларга киргизилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиянын "кара тизмесинде" 76 миңден көп адам бар

Орусия Кыргызстандын 76 миңден ашуун жаранын “кара тизмеге” киргизгенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу маалымдады. Ал “тобокелчиликке кабылган жарандардын тизмесинде 70 миңден көп адам бар. Алар Орусиянын аймагына киргенден кийин административдик мыйзам бузууга баргандар. Биздин жарандар өздөрүнүн кара тизмедеги абалын чет өлкөдө ишке орноштуруу […]

Сизге жагышы мүмкүн