Төө-Ашууда кар жаады

Автор

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо, тайгакка каршы кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү.
Учурда күн ачылууда. Каттам үчүн тоскоолдук жок. Жеринде нөөмөт бар. Алар атайын техника менен камсыздалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 18-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 15 тыйын болсо, сатуу 84 сом 65 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 56 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн