Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө алынды

Автор

Бишкек – Ош унаа жолунун 81 км бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек – Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгени маалымдалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Доллардын курсунун өсүшүнүн себеби айтылды

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн башкы каржы мекемеси тышкы жана ички кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп турат. “Соңку учурда чет элдик валютага суроо-талаптын сунуштан ашып кеткени байкалууда. Бул сезондук факторго байланыштуу”, – деди Карабаева. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн