Төө-Ашууда абал оор

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов Төө-Ашуудагы көйгөйдү парламент трибунасынан көтөрүп, аны жоюу боюнча тийешелүү ведомстволорго протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 16-октябрдагы парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Ал “Кышка даярбыз дейбиз, бирок, түндө миңдеген унаалар Төө-Ашууда калып кетишти. Кары, картаңдар, жаш балдар үчүн кыйын болду. Өзчөчө кырдаалдар министрлигине рахмат, жолду бир тараптуу болсо да, ачты”,- деп маалымдады. Төрага да депутаттын сунушун колдоого алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан жарандыгын алуу үчүн казак тилин билүү зарыл

Казакстанда жарандык алуу үчүн казак тилин белгилүү бир деңгээлде билүүнү талап кылган жаңы мыйзам күчүнө кирди. Казакстан Республикасынын Билим берүү министринин “Казакстан Республикасынын жарандыгын алуу же жарандыгын калыбына келтирүү учурунда мамлекеттик тилдин элементардык деңгээлде билими, Казакстан Республикасынын Конституциясынын негиздери жана Казакстандын тарыхы боюнча билимдер боюнча буйругу” 12-октябрда күчүнө кирди. Документке […]

Сизге жагышы мүмкүн