Төө-Ашуудагы тыгында миңге жакын унаа токтоп турат

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 129-132-чакырым аралыктарында (Төө-Ашуу ашуусу) кар жаап, жол тайгак болгондуктан жол тыгыны болууда.
Алдын ала маалымат боюнча жеринде 1000ге жакын унаа токтоп турат. Оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан кырсыктардын алдын алуу максатында абал тыкыр көзөмөлгө алынууда.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин эки орун басарынын жетекчилигинде 2 куткаруу унаасы, 4 каМАЗ , 1 көчмө башкаруу пункту унаасы, 3 пикап унаасы жана куткаруучулар тиешелүү жумуштарды жүргүзүүдө. Ошондой эле ӨКМ тарабынан унааларга күйүүчү май жеткирилип берилүүдө.

Жылынуу пунктары төшөк (одеяло) менен камсыздалып, жарандарга ысык чай берилүүдө.

Төө-Ашуудагы жол тыгынына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде ыкчам штаб уюштурулуп, тиешелүү кечиктирилгис жумуштар жүрүүдө
Жеринде ӨКМден жалпы 63 куткаруучу, 13 техника тартылып, күйүүчү майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө. Мындан сырткары №9 ЖТИден 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 16 – октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 10 тыйын болсо, сатуу 85 сом 55 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн