НАСАнын Техас штатындагы Хьюстон шаарындагы Джонсон космостук борборунда жайгашкан Mars Dune Alpha деп аталган 3D басып чыгарылган жашоо чөйрөсүн көрсөттү.
Марс комплексинде төрт ыктыярчы бир жыл болот. Адамдардын белгилүү бир жагдайларда кандай иш-аракет кыларын жана мынчалык узак убакыт бою жабык мейкиндикте болуу алардын ден соолугуна канчалык таасир тийгизерин текшерилет. Бул биринчи космонавттар Марста кантип жашай турганын түшүнүү үчүн зарыл.
Mars Dune Alpha жери 157 чарчы метрди түзөт жана төрт өзүнчө бөлмө, душ жана дааратканасы бар. Бул бөлмөлөр лаборатория, теплица, медициналык пункт, эс алуу бөлмөсү.
Күнөсканаларда жашылча өстүрүлөт жана бул эксперименттин жыйынтыгы келечектеги космонавттар Марста өздөрүн тамак-аш менен канчалык деңгээлде камсыз кыла аларын көрсөтөт.