Төрага сот тармагын тартипке салып баштады

Автор

Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатиев кызматка келгенден баштап, региондорду кыдырып, жергиликтүү соттордун абалы менен таанышып жүрөт. Анын мындай аракетин коомчулук катуу колдоого алды.
Төрага судьялар менен жолугушууда “сот болуп байыйм дегениңерди токтоткула жана мыйзамдын талабына шайкеш иш алып баргыла”,- деп эскерткени мактоого арзыды. Элди нааразы кылбай иш сапатын жакшыртуу талабын койгону карапайым калктын сотторго болгон ишеничин кайрадан ойготконсуду.
Медербек Сатиевдин сот тармагын биротоло оңдоп, сот адилеттүүлүгүн орното алаары азырынча бүдөмүк. Бирок, мындай талыкпаган аракети аркылуу соттордун каарына калган жарандардын көз жашын токтотот деп үмүт артылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров кызматтан кеттиби?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кеткени айтылууда. Бул тууралуу маалыматтар соцтармактарда тарап жатат. Ал өкмөттү 2021-жылдын 13-октябрынан бери башкарып келген. Маалыматтар боюнча, МинКаб башчынын убактылуу милдетин Адылбек Касымалиев аткарып турмакчы. Ал эми президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн