Төрага саясий ушактарга чек койду

Автор

“Өлкөдө эч кандай олуттуу саясий окуялар болбойт. Жогорку Кеңеш таркайт, бийликте өзгөрүү болот, ал кетет, бул кетет деп жатышат. Муну ушакка жакын саясатчылар чыгарып жатышат. Бул туура эмес, өлкөдө саясий стабилдүүлүктү камсыздап, өнүгүп жатабыз”,- деп билдирди төрага.
Ошондой эле ал депутаттарды ынтымака чакырып, жалпы жыйын учурунда өз ара болгон маселени айтпоого чакырды.”Өткөндө бир кесиптешибиздин сүйлөгөнү талкуу болду. Мындай көрүнүштөр абройубузга шек келтирип жатканы чындык. Этият бололу”,- деди төрага.
Белгилей кетсек, өткөн жумада депутат Айгүл Айдарова башка бир аял депутатка нааразычылыгын билдирип, “бул жерде чача-пача дебегиле”,- таризиндеги сөзү коомчулукта катуу талкууга себеп болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Көл шаарынын экс-мэри Е.И.М. кармалды. Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары […]

Сизге жагышы мүмкүн