Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев тартипти чыңдап, парламентти кадимкидей иретке салганы, чыгымдарды азайтканы, кызматкерлерди кыскартып, реформаларды ишке ашырып баштаганы коомчулукта колдоого алынып жатат. Жыйындарды алып баруудагы профессионалдуулугу жана расмий тилге басым жасаганы кадимкидей алкышка арзып, аткаруу бийлигиндеги эне тилинде сүйлөй албаган айрым жетекчилер сестенип калышканы айтылууда.