Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапары менен Австрияга жөнөп кетти

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Австрияга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Ошондой эле Нурланбек Шакиев Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.
Төраганы депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Шаирбек Ташиев, Миргүл Темирбаева жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев коштоп кетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиялык депутат Казакстанды таарынтты

Орусиялык депутат, генерал – лейтенант Андрей Гурулевдин соцтармактар аркылуу Казакстан жөнүндө сүйлөгөн сөзү тарап, анда Орусиянын Украинадан кийинки планы Казакстан экенин айткан. Кийинчерээк бул видео өзүнө таандык болбогонун билдирип, “Украиналыктар мындай жол менен “Орус-Казак” мамилесин бузууга аракет жасап, чагымчылдык жасашууда”,- деп билдирген. Орус депутатынын мындай билдирүүсү Казак коомчулугунда катуу талкууларга […]

Сизге жагышы мүмкүн