Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев парламенттин дарегине айтылган орунсуз сындарга жооп берди.
“Акыркы жумада парламенттин дарегине орундуу да, орунсуз да сындар айтылып жатат. Айтып жаткан айрым жарандарга жооп берип коеюн. Парламент өз милдетин так, ачык аткарып жатабыз. Көз каранды, сырттан башкарылат, көп түрдүүлүк жок, курч сөздөр айтылбайт дегенди четке кагам. Депутаттар ортоңку трибуна да, процедуралык микрафондо дагы каалаганын сүйлөп жатат. Эч кандай тыюу жок”,- деди ал.