Төрага Нурланбек Шакиев Казакстанга расмий сапар менен барды

Автор

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстандын сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, расмий иш сапардын алкагында Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев коштоп барды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайсы мэр кылтакка илинет?

Өткөн жумада Ош шаарынын мурдагы мэрлеринин бири камалаары тууралуу маалымат тарады. Мындан улам айрым жарандар иштеп кеткен бардык мэрлерди текшерип, кынтык иштери болсо, жоопко тартылышын талап кылышууда. Ош шаарында эң көп жер саткан же, жемкорлук менен алектенген мэрлер жөнүндө коомчулукта талкуу жаралып жатат. Эми укук коргоо органдарынын кылтагына илинип, жегенин […]

Сизге жагышы мүмкүн