Төрага Нурланбек Шакиев Володин менен жолугушту

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, жолугушуу Нурланбек Шакиевдин Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында өтүп, анда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинге ыраазычылык билдирип, алакаларды арттырууда мындай жолугушуулардын мааниси чоң экенин белгиледи.

“Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк жылдан-жылга өнүгүп келет. Биз бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, – деген Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Россияга пландалган расмий сапарына карата олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ар кандай себептерден улам Россиянын абак жайларында камалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоого Мамлекеттик Думанын төрагасын көмөктөшүүгө чакырды.

 

Өз кезегинде РФ Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин да байланыштар жылдан жылга кеңейип жатканын эске салып, Кыргызстанга жасалган тышкы инвестициялардын 36%ы россиялык инвесторлорго таандык экенин мисал кылды. Айрыкча кыргызстандык эмгек мигранттары өз өлкөсүнө гана эмес, Россиянын экономикасына да чоң салым кошуп жатканын айткан Мамлекеттик Думанын төрагасы түз аба каттамдарын көбөйтүү багытындагы сунушту колдой тургандыгын белгиледи.

 

“Алакаларды арттырууда парламенттик кызматташтыктын да ролу чоң. Андыктан Парламенттер аралык комиссиянын ишин активдештирип, жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди биргелешип чечүүгө аракет кылышыбыз керек”, – деди Вячеслав Володин.

 

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Элдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Жусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиянын президенти кыргызстандык куткаруучуга мамлекеттик сыйлык тапшырды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн кыргызстандык куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын “Адамдарды куткаруудагы эрдиги […]

Сизге жагышы мүмкүн