Төрага Нурланбек Шакиевдин Кытайга расмий сапары башталды

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандагы иш сапарын аяктап, Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти.
Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин (парламент) төрагасы Чжао Лэцзи, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Улуттук комитетинин төрагасы Ван Хунин баштаган жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Кошумчалай кетсек, төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Садырбаева, Айсулуу Мамашова, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков жана Алишер Козуев бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Эльдар Алишеров ЕЭКте министр болуп дайындалды

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2024-жылдын 11-сентябрындагы чечими менен Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри болуп дайындалды. Ал 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Алишеров 2023-жылдын 20-февралынан тарта Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп да иштеген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн