Төрага Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Расмий сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ баштаган жетекчилер менен жолугушат.
Муну менен катар «Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары», ошондой эле «Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу» аталашындагы эл аралык конференцияларга катышат.
Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева, Мейкинбек Абдалиев, Чыңгыз Айдарбеков, Эрулан Кокулов, Алишер Козуев, Чыңгыз Ажибаев, Нурбек Алимбеков коштоп жүрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү

Бүгүн, 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Бул күндү ЮНЕСКО 1995- жылы Парижде өткөн конференцияда 23-апрель- Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү деп белгилеген. Максаты адамзаттын маданий өнүгүүсүнө салым кошкондорду даңктоо, китеп окуу маданиятын өркүндөтүү болгон. Ошондой эле маданий кызматкерлер үчүн ЮНЕСКОнун атайын наамы берилип, ар […]

Сизге жагышы мүмкүн