Өткөн жылдагы Элдик Курултайда спикер Нурлан Шакиев Бишкек шаарынын орусча аталышындагы төрт районунун тез арада кыргызчалаштыруу демилгесин көтөргөн. Бирок, эртеси күнү Орус Думасынын депутаты Светлана Журова мындай аракет Кыргызстанда жашаган орус улутундагылардын укугун тепселейт деп билдирген эле. Ошол күндөн бери Нурлан Шакиев көтөргөн демилге арабөк калды. Бишкек мэриясы болсо, төраганын демилгесин 5 айдан бери элдик талкууга чыгара элек.
Калаа бийлигине жөнөкөй орус депутаты Светлана Журованын саясий салмагы оор келди деген пикирлер коомчулукта көбөйүп жатат.