Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал киргизүү аракетин күтүлбөгөн жерден жасады. Бирок алты сааттан кийин ийгиликсиз аяктады. Парламент аскердик абалды жокко чыгаруу үчүн добуш берди. Президент артка чегинди.
Андан кийин министрлер кабинети чогулуп, аскердик абалды жокко чыгаруу үчүн добуш бергени тууралуу Yonhap агенттиги маалымдады. Аскерлер кайрадан өз бөлүктөрүнө кайтышты.
4-декабрда эртең менен президенттин аппараты толугу менен кызматтан кетүү боюнча арыз берди. Президент өзү азырынча жаңы билдирүү жасай элек.
Парламентте көпчүлүк орунга ээ болгон Демократиялык партиянын өкүлдөрү эгер президент өзү кызматтан кетпесе, импичмент процедурасын баштоону пландап жатышканын жарыялашты.
3-декабрда кечинде президент аскердик абалды киргизүү коммунисттик күчтөрдөн жана Түндүк Кореядан келип жаткан коркунучтардан өлкөнүн конституциялык тартибин коргоо үчүн зарыл чара деп атады.
Президенттин айтымында, коркунуч Түндүк Кореядан эле эмес, өлкөнүн ичиндеги мамлекетке каршы элементтерден да келип жатат.