Түштүк Кореянын ТИМи Түндүк Кореянын аскерлери боюнча Россиянын элчисин чакырды

Автор

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Корея аскерлеринин Россияга жөнөтүлүшү боюнча маалыматтарга байланыштуу Россиянын элчисин чакырды. «Биз катуу позицияны карманабыз, түндүк кореялык аскерлерди дароо чыгарууну талап кылабыз жана тиешелүү кызматташууну токтотууга чакырабыз»,-деп айтылат билдирүүдө. Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги учурдагы абалды «эл аралык коомчулук үчүн коопсуздукка коркунуч» деп атап, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин бир катар резолюциялары жана Уставы бузулганын белгиледи.
Элчи чакырган тараптын позициясын угуп, аны россиялык жетекчиликке жеткирүүнү убада кылды.
Өткөн жумада Украина жана Түштүк Корея бийликтери Түндүк Корея Украинага аскер жөнөтө баштаганын билдиришкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Манас районунда автобекетке караштуу жер мамлекетке кайтарылды

Манас районунда автобекетке караштуу 0,28 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет. Маалыматка ылайык, Талас облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Манас районунун Покровка (Семетей) айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтомунун негизинде “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалына тиешелүү 0,28 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. […]

Сизге жагышы мүмкүн