Түштүк Кореянын президенти козголоңго шектелүүдө

Автор

Түштүк Кореянын президенти козголоңго шектелүүдө

Түштүк Корея полициясы президент Юн Сок Ёлгө карата аскердик абал жарыялоо чечиминен улам козголоңго шектелип, иликтөө баштады.
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл шаршембиде “Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү тазалоо жана либералдык конституциялык түзүлүштү сактоо” максатында аскердик абал жарыялады. Ал мындай чечимди оппозициялык Демократиялык партия парламенттин бюджеттик комитетинде бюджетти кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун колдоп, мамлекеттик аудиторуна жана башкы прокурорго импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөндөн кийин кабыл алган. Юн Сок Ёлдүн айтымында, бир катар жогорку кызматтагы адамдарды кызматтан алуу аракеттери бийликтин ишмердүүлүгүн токтотуу коркунучун жаратат.
Өлкөнүн парламентине депутаттардын өтүүсүн тоскоол кылуу максатында армиянын атайын күчтөрү жиберилген. Бирок Улуттук жыйын чогулуп, аскердик абалды жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Жыйынга 300 депутаттын ичинен 190ы катышып, алар президенттин чечимин артка кайтаруу талабын бир добуштан колдошкон.
Түштүк Кореянын Конституциясына ылайык, парламент аскердик абалды киргизүүгө каршы көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алгандан кийин президент бул абалды жокко чыгарууга милдеттүү.
Түштүк Кореянын оппозициясы президентти, бир катар министрлерди, окуяларга катышкан башка аскердик жана полициялык жетекчилерди мамлекеттик төңкөрүш жасаган деп айыптоону көздөп жатканын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылары эскертилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет. Министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз улантылып жатат. Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу оор жүк ташыган унаалардын […]

Сизге жагышы мүмкүн