Түштүк Кореянын Jeju Air авиакомпаниясына тиешелүү дагы бир учак Кимпходон Чежу аралына учкандан көп узабай шассисинде көйгөй жаралды.
7C101 каттамын аткарган учак Кимпхо аэропортунан Чежу аралына жергиликтүү убакыт боюнча саат 6:37де учкан. Учкандан көп өтпөй экипаж шассиде көйгөй бар экенин аныктаган. 161 жүргүнчүгө кырдаал тууралуу кабар берилген жана жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:25те учак кайрадан Кимпхо аэропортуна конгону айтылган.