Адабият боюнча Нобель сыйлыгы түштүк кореялык жазуучу Хан Ганга анын терең поэтикалык прозасы үчүн ыйгарылды.
Расмий сайтында “Бул жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты болуп түштүк кореялык жазуучу Хан Ган анын терең поэтикалык прозасы үчүн тандалган. Өз чыгармаларында Хан Ган тарыхый травмаларга каршы турган жана адам жашоосунун морттугун ачып берген күчтүү поэтикалык прозасынан улам бул сыйлыкка татыктуу болду”,-деп жазылган.