Түштүк Кореяда окуу жылы мартта башталат

Автор

Түштүк Кореяда окуу жылы март айында башталат. Бул күнү мугалимдерге белек берүү, жыйын өткөрүү адат эмес. Күн кадимкидей сабактар менен башталат. Түштүк кореялык окуучулардын “жашоосу” оңой эмес. Орто жана жогорку класстарда сабактар 8:30да башталып, кечки 6га чейин уланат. Андан соң жеке академияларда сабактар уланат. Ошентип, орточо алганда, окуу күн 22:00до аяктайт.
Өкмөт билим берүү системасына ар кандай технологияларды киргизип жатат. Келерки жылдан тарта мектептерде жасалма интеллекттин негизинде иштеген санариптик окуу китептери пайда болот. Алар окуу жөндөмүн баалап, ар бир окуучуга программаны ыңгайлаштырып чыгат.

Бөлүшүү:
Next Post

Паралимпиада -2024: Кыргызстандык спортчу Айтунук Жоомарт кызы 11-орунду ээледи

Кыргызстандык Айтунук Жоомарт кызы аялдар арасында триатлондон жарышка түштү. Ал паратриатлондон көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында мелдешке катышкан. Паратриатлондо спортчулар 150 метрге сууда сүзүп, 20 чакырым велосипед менен жүрүшөт. Андан соң дагы 5 чакырым жөө чуркашат. Айтунук Жоомарт кызы жандоочусу Ангелина Блиндул менен 1 саат 25 мүнөт 36 секундада […]

Сизге жагышы мүмкүн