Түрк тилдүү өлкөлөрдүн коргонуу уюмун түзүү сунушталды

Автор

Түрк тилдүү мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо максатында уюмдун коргонуу блогун (НАТО сыяктуу) түзүүнү экс-элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Карабак аймагына караштуу Шуша шаарында өткөн конференцияда сунуштады.

Ал Түрк өлкөлөр аймактык коопсуздук жаатында байланыштарын чыңдашы керектигин айтып,
“учурдагы шартта түрк дүйнөсүнүн өзүнүн коопсуздук тутумун түзүү зарыл болуп турат. Анда ар бир өлкөнүн коопсуздугу жалпы аймактын кызыкчылыгында болушу шарт. НАТО же ЖККУ сыяктуу уюмдарды түзүү керек”— деген.

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын элчилик кызматынан өткөн айда бошотулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин: Жаңы фундаменталдык документ Россия менен КЭДРдин мамилесинин негизин түзөт

Президент Владимир Путин КЭДРдин төрагасы Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөрдү баштап жатып, эки өлкөнүн мамилелеринин негизине жаңы фундаменталдык документ даярдалганын билдирди. “Өткөн жылы сиздин Россияга болгон сапарыңыздын натыйжасында биздин учурдагы мамлекеттер аралык байланыштарды курууда бир топ алдыга жылдык. Бүгүнкү күнү биздин мамилелердин узак мөөнөттүү негизине жаңы фундаменталдык документ даярдалды”,-деп билдирди […]

Сизге жагышы мүмкүн