Түрк мамлекеттер уюмунун 11- саммити Кыргызстанда өтөт

Автор

Түрк мамлекеттер уюмунун президенттеринин 11-саммити быйыл Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Анталия Дипломатиялык форумунун үчүнчү жыйында айтылды.
Жыйындын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушуп, Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы жалпы маселелери, ТМУ Катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле Уюмдун алдыдагы пландары талкууланды.
Ошондой эле быйыл Кыргызстанда ТМУ мамлекет башчыларынын кезектеги 11-саммитин өткөрүүгө жана Кыргызстандын мурдагы Саммитте айтылган демилгелерин ишке ашырууга басым жасашты.
Белгилей кетсек, быйыл Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин кезектеги саммити Кыргызстанда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Өмүрүңдү эмнеге жумшап жатасың?

Дайыма өмүр ирмемде өтөөрүн айтканыбыз менен көпчүлүгүбүз бул сөздөргө олуттуу маани бербейбиз. Ал эми чындыгында өмүр агын суудай өтүп, улам улгайып бараткан жашообузда бир нерсе калтырууга аракет кылабыз. Төмөнкү эч кимдин оюна келбеген статистикалык маалыматтар турмушка башкача кароого мажбур кылат. Эч көңүлгө албаган фактыларды сыртынан бир карап көрүү да кызык. […]

Сизге жагышы мүмкүн