Түрк мамлекеттер уюмуна 2025-жылы Кыргызстан төрагалык кылат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, уюмга төрагалык кылууну Кыргызстан Казакстандан кабыл алат.
«Быйыл уюмга Казакстан төрагалык кылды. Эми биз бир жыл ичинде кандай иштерди кылабыз, өзүбүздүн пландарыбыз боюнча сүйлөшүүлөр болот. Тышкы иштер министрлеринин кеңешинде, мамлекет башчыларынын жыйынында өлкөлөр ортосундагы алакаларды жана уюмдун келечегин камтыган Бирдиктүү декларация каралды. Ошондой «Жашыл экономика» боюнча концепция бар», — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммити болууда.
“Ынтымак Ордодогу” жыйынга ТМУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда.