Астана шаарында түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин Бешинчи жыйыны өтүп жатат.
Жыйынга Казакстандын муфтийи Наурызбай Таган уулу, Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров, Түркиянын дин иштери боюнча министри Али Эрбаш, Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы Аллашүкүр Паша-Заде, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы Нуриддин Халыкназар, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов жана башкалар катышууда.
Жыйында «Ислам жергиликтүү салттарды колдойт» темасы талкууланууда.