Стамбулда түрк тилдүү өлкөлөр биргелешип “Түрк өнүктүрүү фондун” түзүштү. Эми анын башкы кеңсеси Стамбул шаарында болот. Ал Эл Аралык финансы статусуна ээ жана Европа өнүктүрүү банкына атаандаштык кылалат дешүүдө. Түрк өнүктүрүү Фонду түрк
дүйнөсүнүн каржы маселелерин жайгарып, биргеликте өнүгүүгө шарт түзөт. Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн энергетика, кен байлык, ГЭС, жол куруу тармагын иштетүү багыттары биргеликте талкууланып, чечим кабыл алынат. Келечекте түркчө сүйлөгөн өлкөлөрдүн биргелешкөн банкын ачуу маселеси да жакынкы күндөрү талкууланышы күтүлүүдө.