Түрк ишкерди Седнайа түрмөсүнөн кыргыздар кантип куткарган?

Автор

Сириядагы катаал түрмөдө 10 жылдан ашуун убакыт жаткан Түркиялык ишкер Ваккас Орхан мекенине кайткандан кийин басма сөздөргө маек берип, Башар Асаддын түрмөсүндөгү азаптуу күндөрү жөнүндө айтып берди.
“Бир күнү Седнайа түрмөсүнө Эл аралык Кызыл Крест уюмунун кызматкерлери келишти. Аларда иштеген Кыргызстандык кыз “байке сиз түрксүзбү”,- деди. Мен “ооба, мен түркмүн”,- дедим. Кыргыз кыз “мен да кыргыз түркүмүн. Сизди бул жерден чыгаралбайм. Бирок, сиздин ушул түрмөдө кармалып турганыңыз боюнча дүйнө жүзүнө маалымат берем”,- деди.
Көп өтпөй түрмөдөн бошоп, алардын убактылуу кармоочу жайында тургамын. Полиция келип, “сырттан тамакка буйрутма берем. Кимге тамак алдырайын”,- деп калды. Мен буйрутма берейин деп турсам, аркамдагы бир бала “байке сиз түрксүзбү? Тамакка буйрутма бербей эле коюңуз, мен тамак жасадым сизге берем”,- деди. “Сен кимсиң”,- дедим. “Мен Кыргызмын, атым Ислам деди. Анын телефонун алып, үй-бүлөмө байланышып, дайынымы билгизгенге мүмкүнчүлүк таптым”,- деген Ваккас Орхан.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Украинада тынчтыкка инаугурацияга чейин жетишүүнү каалайт

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө инаугурацияга чейин аракет кыларын билдирди. «Мен муну жасоого аракет кылам»,-деп кыскача жооп берди Трамп журналисттердин суроосуна Мар-а-Лаго резиденциясында. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн