“Түркиянын аскер-аба күчтөрү Анкарадагы теракттан кийин Сирия менен Ирактын аймагындагы Түркияда тыюу салынган Күрдстандын жумушчу партиясына (КЖП) каршы операция жүргүзүп жатат”,-деп билдирди өлкөнүн Коргоо министрлиги.
«2024-жылдын 23-октябрында КЖПны жок кылуу аркылуу биздин элге жана коопсуздук күчтөрүнө террордук кол салууларды алдын алуу үчүн Ирактын жана Сириянын түндүгүндөгү террористтик буталарга аскер-аба күчтөрү операция жүргүздү. Жалпысынан террористтерге тиешелүү 32 объект талкаланган. Операциялар улантылат»,-деп айтылат мекеменин TRT Haber телеканалы жарыялаган билдирүүсүндө.
Буга чейин Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Анкарадагы терактка КЖП өкүлдөрү катышкан болушу мүмкүн деп божомолдогон.
23-октябрда кечинде авиация жана аскерий техникаларды долбоорлоо жана модернизациялоо менен алектенген TUSAS аэрокосмос компаниясынын башкы кеңсесине кире бериште эки жарылуу болгон. Алгач унаа жарылып, андан кийин атышуу башталган. Окуяда 5 адам каза болуп, 22 киши жаракат алган. Кол салууну ишке ашырган эки террорист жок кылынган. Түркиянын ички иштер министрлиги кол салуунун артында Түркияда тыюу салынган Күрдстандын жумушчу партиясы турганын билдирген.
Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинде Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айткан. Өлкө башчысы Эрдоган окуяга байланыштуу Казанга болгон иш сапарын токтотуп, бүгүн, 24-октябрда Түркияга кайтып келет.