Түрк аба жолдорунун учкучу учуу учурунда көз жумду

Автор

Tүрк аба жолдору авиакомпаниясынын учкучу Илчехин Пехливан Сиэтл – Стамбул каттамында баратып көз жумду. Бул тууралуу ишкананын өкүлү Яхъя Устүн Х социалдык тармагындагы баракчасында жазды. Каттамдын командири Ильчехин Пехливан Airbus 350 учагын башкарган.
«Пилот учуу учурунда эсин жоготту. Биринчи медициналык жардам натыйжа берген жок. Ошондо учактын экипажы авариялык конуу чечимин кабыл алды. Бирок капитаныбыз конгонго чейин көз жумду»,-деп жазды Устүн.
Учак Нью-Йоркто авариялык конуу жасаган. Пехливан 59 жашта болчу. Ал Turkish Airlines компаниясында 2007-жылдан бери иштеп келген. Сегизинчи октябрда ал медициналык кароодон өткөн, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр табылган эмес. Авиакомпания пилоттун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар Армениядан келген унаалардын маселесин чечмек болушту

Депутаттар Армениядан келген унаалардын маселесин чечмек болушту Депутат Улукбек Ормонов Абхазия менен Армениядан кирген унаалар боюнча маселени көтөрүп, учурда унаа элерин кыйнап, унааларын экспертизадан өткөзүүнү талап кылышып, керек болсо, убактылуу акы төлөнүүчү жайга токтотуп жатышканын парламент жыйынында маалымдады. “Эң алгач, ошол унааларды өлкөгө киргизген Бажы кызматы менен Чек ара кызматынын […]

Сизге жагышы мүмкүн