Түркмөнстанда Бердымухамедовдордун сүрөттөрү массалык түрдө илинүүдө

Автор

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун көчөлөргө сүрөттөрүн илүү боюнча плакаттар даярдалып жатканын дүйнөлүк басылмалар жазышты. Белгилүү болгондой, ага кете турган чыгым калктын чөнтөгүнөн топтолууда.
Эркин Европа радиосунун түркмөн кызматы мектеп мугалимдеринин ар биринен плакатка 25 манат, жаңы портреттерге 65 манат, президенттин жаңы китебине 148 манаттан (40 доллардай) топтоп жатышканын маалымдады.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагы бир кызматкер иштен кетти

Ош облусунун губернаторунун орун басары Эрнис Толтоев кызматтан кетти. Ал өздүк баракчасына “үй-бүлөлүк шартыма караштуу жумушту тапшыруу чечимин кабыл алдым”,- деп жазды. Толтоев 2016-жылдан бери мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен иштешип, 2017-жылы анын жардамчылыгына дайындалган. 2022-жылы Ош облусунун губернаторунун орун басарлыгына киришкен эле. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн