Президент Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан Өзбекстандын жүк ташууларына Россиянын түштүгүнө чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздай турганын айтты.
«Өлкөбүздүн чыгыш аймагы менен борборун байланыштырган жогорку ылдамдыктагы автомагистралдын Ашхабад-Түркмөнбашы автобанына кошулушу коңшу Өзбекстан Республикасынан жүк ташуучу унаалардын Каспий деңизиндеги Эл аралык деңиз портуна чыгуусун камсыздайт. Андан Кавказга, Европага, Россиянын түштүгүнө жана Ирандын түндүгүнө, деңиз жолдору аркылуу Перс булуңуна жана Оман кысыгына кетет»,-деди Бердымухамедов шаршемби күнү Ашхабадда башталган эл аралык транспорт форумунун катышуучуларына кайрылуусунда.
Гречка же овсянка: Кайсынысы ден соолукка пайдалуураак?
Шар Май 3 , 2023